CAFA: Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2024 мелдешинде коло медалга ээ болду.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, мелдеш Кыргызстан Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан курама командаларынын катышуусунда Душанбе шаарында 2-февралдан 12-февралга чейин өттү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча курама командалар төмөнкүдөй упайларга ээ болду:

  • 1 орун - Иран (12 упай);
  • 2 орун - Өзбекстан (9 упай);
  • 3 орун - Кыргызстан (6 упай);
  • 4 орун - Түркмөнстан (3 упай);
  • 5 орун - Тажикстан (0 упай).

Пикир

Оставить комментарий