• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

CAFA U-17: Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын командасына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыздар арасында футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын командасына утулуп калды.

CAFA U-17 Women’s Championship мелдешинин алкагында өткөн оюн Душанбедеги “Гиссар” стадионунда болуп, 0:3 эсебинде жеңишти өзбекстандык футболчулар илип кетти. Турнирдин алкагындагы алгачкы оюнда кыргызстандык спортчулар Тажикстандын курамасын 4:0 эсебинде утуп алган.

Кыргызстандын курамасы алдыда, 16-мартта Ирандын командасы менен оюн талаасына чыгат.

Эскерте кетсек, оюндар 12-16-март аралыгында өтүп, ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Ирандын курамалары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий