• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

“Үч чоку” - Борбор Азиядагы эң ири долбоор. Кыргызстанга 146 млн евро алып келет

Экономика 0


Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда болжол менен үстүбүздөгү жылдын май айында Борбор Азиядагы эң чоң лыжа базасы – “Үч чоку” долбоорунун курулушу башталат. Бул тууралуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда инфраструктуралык объектилердин долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда. Биринчи этабынын курулушу 2026-жылдын декабрында аяктап, курорт алгачкы туристтерди кабыл ала алат. Долбоор үч этаптан турат: Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак.

«Бул лыжа базасы уникалдуу шарттарды түзүп, Борбордук Азиядагы эң ири лыжа кластерине айланат. Лыжа трассаларынын жалпы узундугу 250 км. Анын ичинде Жыргалаңда 120 км лыжа жолдору болот.

Долбоор лыжа тебүүчүлөр үчүн уникалдуу инфраструктурадан тышкары аймактын маданий өзгөчөлүктөрүн да эске алат – Жыргалаңда улуттук колориттеги оймо-чиймелер менен кооздолгон мечит курулат», - деди долбоордун жетекчиси.

Мастер-планды европалык адистер иштеп чыгышкан. Башкы план учурда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыгууда.

Ошондой эле быйылкы жылы президенттин Иш башкармалыгы 8 корпустан турган үч жылдыздуу мейманканалардын курулушун баштайт. Төрт жана беш жылдыздуу мейманканаларды куруу инвесторлорго сунушталат.

«Биринчи этапта Жыргалаңда бирдиктүү этношаарчага бириктирилген 3, 4 жана 5 жылдыздуу 49 мейманкана курулат. «Эң бийик имарат 6 кабаттан турат», - деп белгиледи Максүтов.

Курорт орто жана жогорку класстагы туристтерге да багытталып, ар ким өзүнүн бюджетине жараша эс алуучу жай таба алат.

Курорт жылына 850 миң туристти кабыл ала алат. Анда 4600 жумушчу орун түзүлүп, жакынкы айылдардын жана райондордун экономикасына оң таасирин тийгизип, жергиликтүү дыйкандарга курорттук аймакка өз продукциясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курорттун жалпы аянты 3874 гектарды түзөт: Жыргалаңда - 58 гектар, Ак-Булакта - 24 гектар, Боз-Учукта - 39,7 гектар.

Салыштыруу үчүн: аймактагы эң ири курорттордогу – Россиядагы «Роза Хутор» жана Түркиядагы «Эрджиес» – 105 жана 55 км болсо, ал эми Жыргалаңда бир гана кластер 120 км.

«Мындан тышкары, шаарда жайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт: санаторий комплекстери, ресторандар, дүкөндөр, этникалык шаарчалар. Төрт сезондо долбоордон түшкөн салык 146 млн еврону түзөт”, - деп баса белгиледи Жаркынбек Максүтов.

Эске сала кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде амбициялуу долбоордун ишке кириши өлкө үчүн маанилүүлүгү боюнча “Кумтөр” долбоору менен салыштырууга боло турган жаңы экономикалык кыймылдаткыч болуп каларын белгилеген.

«Эгерде бүгүнкү күндө кереметтүү Ысык-Көлдөгү Кумтөр бүтүндөй өлкөнү багып жатса, анда «Үч чоку» лыжа комплекси экинчи Кумтөргө айланат», - деген мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий