Чүй айылында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.23./Кабар/. Чүй айылында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылда турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 16:28ден тарта ӨКМдин Токмок шаардык Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 17:07 чектөөгө алынган.

Чүй айылында турак үйдөн чыккан өрт саат 18:05де өчүрүлдү. Такталган маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

Тилсиз жоодон үйдүн болжол менен 280 чарчы метри күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий