• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүй электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын автопаркы 2 даана атайын техникага жаңыланды.

Бүгүн, 18-июлда Чүй электр тармактар ишканасынын базазында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан Чүй электр тармактар ишканасына берилген атайын техниканы тапшыруу аземи болду.

Тапшыруу аземине Чүй ЭТИнин директору Данияр Шабданов, директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Убайдылда Уметов, башкы инженердин орун басары Адилет Жумабеков жана Чүй ЭТИнин кызматкерлери катышты.

2024-жылы чыгарылган, 23 метрге чейин бийиктикти багындыра алган, кондиционер, бардык тиешелүү шарттары бар, энергетиктерге иштегенге ыңгайлуу атайын техникалар Чүй ЭТИнин Кант жана Чүй райондук электр тармактарына бөлүнүп берилди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев “КУЭТ” ААКына 30 даана атайын техника тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий