• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Чүй облустук милициясында Кырдаалдык борбор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 09.08.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында Кырдаалдык борбордун ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басарлары Сүйүнбек Ниязбеков жана Октябрь Урмамбетов, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева, президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Самат Исманов, Чүй облусунун прокурору Азизбек Шүкүрбеков, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусутук милициясынын башчысы, Каныбек Абдырахманов ишке берилип жаткан Кырдаалдык борбордун аткара турган иши менен тааныштырды. Ал борбор аркылуу адамдын жүзүн идентификациялоо камераларынын жардамы менен кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдөгө алынган жаранды реалдуу убакыт режиминде видеобайкоо жүргүзүлүп, кылмыштардын бетин ачууга оң таасирин тийгизерин билдирди.

Белгиленгендей, Кырдаалдык борбор тиешелүү техникалык жабдуулар менен камсыздалды.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ишке берилип жаткан бул борбор өз жемишин берерин жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлөрүнө үмүт артарын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Чүй облусунун Кемин жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн аймактык тескөөчүлөрүнө боди камера жана планшеттер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий