Чүй облусу сугат мезгилине толук даяр – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Чүй облусунда сугат мезгилине даярдык иштери толук аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймакта 20,4 км чарбалар аралык каналдарды оңдоо жана тазалоо, 14 гидротехникалык курулмаларды, 20 суу өлчөөчү постторду оңдоо, 9 суу топтоочу курулмаларды тазалоо иштери аткарылды. Учурда суу пайдалануучулардын суроо-талабы боюнча берилүүдө.

Мындан тышкары, облустун аймагындагы суу чарба объектилеринде төмөндөгүдөй оңдоо-куруу иштери жүргүзүлдү:

  • Панфилов районундагы "Агермень" суу сактагычынын механикалык тазалоо иштеринин 60% аткарылып, 2024-жылдын сугат мезгилине толтурууга байланыштуу тазалоо иштери токтотулду. Мерчемделген тазалоо иштери 2024-жылдын 4-кварталында улантылып, 2025-жылдын сугат мезгилине карата толугу менен аткарылат.
  • Москва районундагы "Макачи" жана "Молтобар" декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин механикалык тазалоо иштери аткарылды. 2024-жылдын сугат мезгилине толтурууга байланыштуу Молтобар декадалык жөнгө салуучу бассейнин тазалоо иштери токтотулду. Мерчемделген тазалоо иштери 2024-жылдын 4-кварталында улантылып, 2025-жылдын сугат мезгилине карата толугу менен аткарылат.
  • Ысык-Ата районундагы Рассвет каналынын реконструкциялоо, бетондоо иштери аткарылды.
  • Аламудун районундагы Төмөнкү Ала-Арча дамбаны бекемдөө иштери аткарылды.
  • Ысык-Ата районундагы 1 Май декадалык жөнгө салуучу бассейнин механикалык тазалоо иштери аткарылууда.

Мындан тышкары, төмөнкү объектерде курулуш иштерин жүргүзүү пландалган:

  • Сокулук районундагы Шорго объектисинде;
  • Москва районундагы Ак-Суу декадалык жөнгө салуучу бассейнинде;
  • Панфилов районундагы Кара-Тума декадалык жөнгө салуучу бассейнинде.

Ошондой эле Чүй облусун сугат суу менен камсыздоо үчүн "Чүй районунда ирригацияны өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу" долбоору 7 декадалык жөнгө салуучу бассейндерди долбоорлоо боюнча иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий