Чүй облусу Түркиянын "ОСТИМ" өнөр жай аймагы менен кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Түркиянын "ОСТИМ" өнөр жай аймагы менен кызматташуу келишимине кол койду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, келишимге кол коюу Анкара шаарында өткөн Кыргыз-Түрк бизнес форуму учурунда болду.

Тараптар өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана ар кандай тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Алдыда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы форумдарды, семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, В2В форматындагы жолугушууларды жана өнөр жай чөйрөсүндөгү башка иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жетектеген делегация рамий иш сапары Түркияда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий