• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусуна дээрлик 8 тонна спирт ичимдигин мыйзамсыз ташып кирүүгө аракеттенишкен

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагына контрабандалык спирт ичимдиктерин ташып келүү жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-мартта "Акжол-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүктү коштоо документтери жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып кирүү аракети көрүлгөн.

Жыйынтыгында Мерседес-Бенц “Отего” 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ташылып келген алкоголдун жалпы көлөмү дээрлик 8 тоннаны түзөт.

Учурда унаалар айып аянтчасына киргизилип, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий