Чүй облусунан 200дөн ашуун бала “Алтын балалык” борборуна эс алууга жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Чүй облусунан 200дөн ашуун бала жайкы эс алууга Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реаблитациялык борборуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин 10-июндан 17-июнга чейин окуучулардын биринчи агымы барып келишкен, ал эми экинчи агымы 17-июндан 24-июнга чейин эс алышат.

Чүй облусунун ар бир айылынан эл аралык сынактардын, олимпиадалардын, мелдештердин, спорт оюндарынын жеӊүүчүлөрү, республикалык, улуттук олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү, катышуучулары, мыкты окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары эс алуучу борборуна барууга мүмкүнчүлүк алышты.

Аталган борбордо балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн,анын ичинде тамак-аш, оюн-зоок жана ар кандай майрамдык иш-чаралар болот.

Балдардын коопсуздук маселеси президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин жеке көзөмөлүнө алынып, ар бир райондон жана шаарлардан балдарды коштоп баруучу мугалимдер бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий