• 87
  • 91.29
  • 0.84

Чүй облусунда 71 миңден ашык шайлоочу добуш берди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Саат 13:00гө карата Чүй облусу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого тургундардын 11,9 %ы, же 71 миң 35 адам добуш берди.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус аймагы боюнча жалпы 369 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү жүрүп, жалпы 3355 талапкер катышып жатат.

Белгилей кетсек, БШКнын маалыматы боюнча учурда облус аймагындагы добуш берүү тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий