• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүй облусунда 15 га аянттан жүгөрүнүн көпөлөгү зыянкечи аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Чүй облусунда 15 гектер аянттан жүгөрүнүн көпөлөгү зыянкечи аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти

Маалыматка ылайык, облустун аймагында жалпы 38 миң 946 га аянтка жүгөрү өсүмдүгү айдалган. Анын ичинен 115 ге аянтта жүгөрүнүн зыянкеч илдеттерине карата изилдөө иштери жүргүзүлдү.

"Изилдөөнүн жыйынтыгында 15 га аянтта жүгөрүнүн көпөлөгү зыянкечи аныкталды. Дыйкандарга жүгөрүнүн зянкечине каршы ципрометрин препаратын 1 га аянтка 1 литр норма эсебинде чачуу сунушталды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дыйкандарга дарыны дрон менен чачуу боюнча сунушталып, дрон ээлери менен 1 га аянтка 1 200 сомдон чачып берүү сүйлөшүлдү.

Жүгөрүнүн көпөлөгү (кукурузный стеблевой мотылек) июнь-июль айларында пайда болуп, өсүмдүктөрдүн 150дөн ашык түрүн зыянга учуратат, айрыкча жүгөрү, таруу, сорго, пахта, сояга эң көп зыян алып келет. Көпөлөк курттары жүгөрүнүн бардык органдарына: жалбырактарга, сабактарга, паникулаларына (тамырдан башка) зыян келтирет. Боолорду чайнаганда өсүмдүктөрдүн тамактануусу бузулат, гүлдөөнү кечеңдетет жана жалбырактын жана түйүндүн көлөмүнүн кичирейишине алып келет, паникуланын бузулушу чаңдашууну начарлатат.

Көпөлөктөр менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы — агротехникалык иш-чаралар, ошондой эле отоо чөптөрдөн кылдат тазалоо.

Пикир

Оставить комментарий