• 87
  • 90.64
  • 0.85

Чүй облусунда абак кызматкерлери азык-түлүк уурдап кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Чүй облусунда түзөтүү мекемесинин кызматкерлери азык-түлүк уурдап кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Юстиция министрлигинин алдындагы түзөтүү мекемелеринин биринин кызматкерлери кылмышка шектүү катары милициянын чогулткан далилдеринин негизинде кармалды.

Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө абактын финансы-чарбалык бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо кызматкерлери узак убакыт ичинде азык-түлүк уурдап, пайда табуу үчүн сатып жүрүшкөнү аныкталган.

Алар кампадан уурдаган тамак-аш азыктарын жеке үйгө сакташкан. Тергөө иштеринин учурунда 38 мүшөк ун, перловка жана күрүч алынды.

Факт боюнча Чүй облустук милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

20-декабрда тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда түзөтүү мекемесинин 3 кызматкери кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сот тарабынан алардын баш коргоо чарасы каралып, камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий