Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын, алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Республикалык аттестациялоо комиссиясы 2 апрелде аттестациялоону жыйынтыктады.
Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 21 талапкерден 3 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
- 16 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
- 5 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.
Пикир
Оставить комментарий