• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүй облусунда алдамчылык жолу менен жерге ээлик кылган аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Чүй облусунда алдамчылык жолу менен жерге ээлик кылган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-майда милицияга 1951-жылы туулган М.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызында М.Ү. аттуу чала тааныш аял анын ишенимине кирип, жерин 40 миң долларга баалап алганын билдирген.

Бирок, айтылган суммадагы акчаны же жерин кайтарып бербей жүргөнүн айтып чара көрүүнү өтүнгөн. Ошол эле учурда М.Ү. аттуу аял жабырлануучуга таандык жерди турак үйлөрдү курууга башкаларга сатып жиберген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Алдамчылык беренеси боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Ү. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий