Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Күн мурун Чүй облусунун Жайыл районунун Ставрополовка айылында “Аяна” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды.
Ведомствонун билдиришкендей, иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, БУУнун Кыргызстандагы балдар фондунун башчысы Самман Джунг Тапа, жергиликтүү мекеме башчылары жана айыл тургундары катышты.
Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан ар бир балага кенже курактан баштап өнүгүү шартын түзүү эң өзөктүү маселе катары коюлуп, бул ар дайым көңүл борборунда турганын, ал кенже курактагы балдар үчүн канчалык пайдалуу экендигин айтып өттү.
“Кенже курактагы түзүлгөн эң жагымдуу өнүгүү шарттары балага түбөлүк кызмат кылат. Муну илим далилдеген. Кичинекей кезинде мээримге тойбогон, ата-энеси кучактабаган бала, кичинекей кезинде бешик ырын укпаган бала, кичинекей кезинде жомок укпаган бала өмүр бою көөдөнү өксүк, бош болуп калат. Эгерде силер карыганда балдарыңардын камкор болушун кааласаңар, аларды кичинекей кезинен көп кучактап, мээримиңерди төгүп, жакшы сөзүбүздү аябай айткыла. Балдар биздин байлыгыбыз, тагдырыбыз жана келечегибиз. Кыргызстандагы эң биринчи саясат - кенже курактагы ар бир баланы өнүктүрүү. Мээрим бекер, аны аябагыла, балдарга жакшы сөз айтканды үйрөтүшүбүз керек. Баланын бактылуулугу сиздин чөнтөгүңүзгө, чоң үйүңүзгө таптакыр байланышкан эмес. Баланын бактылуулугу сиздин бир кучактап койгонуңузга байланыштуу, - деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда азыр 300 китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору ачылды.
Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыковдун маалыматы боюнча, бүгүн ачылган “Аяна” балдарды эрте өнүктүрүү борборунун имаратында мурун айыл өкмөтү турган.
“Мектептин алдында дагы бардык шарттары менен түзүлгөн бала бакчабыз иштеп жатат. Айылда 100дөн ашык бала бакча курагындагы бөбөктөр бар. Алардын 30у бала бакчага барса, калганы эрте өнүктүрүү борборуна келишет”, - деди ал.
Эске салсак, Чүй облусу боюнча учурда 47 балдарды эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат.
Пикир
Оставить комментарий