• 87
  • 90.43
  • 0.88

Чүй облусунда бир жума ичинде 49 автоунаа айып аянтчасына киргизилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда бир жума ичинде 49 автоунаа айып аянтчасына киргизилген. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июндан 14-июнга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 656 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.

Анын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу – 16;

- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;

- Ылдамдыкты ашыруу – 907;

-Документтери жок унаа башкаруу – 17. Жалпысынан 49 автоунаа айып аянтчасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий