Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 25-октябрдан 31-октябрга чейин 3 миң 19 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкаруу - 32;
- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу - 1073;
- документи жок 12 айдоочу унаа башкарган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 57 унаа токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий