Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда бир жуманын ичинде миңден ашык айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 2нен 8-июлга чейин 4 миң 809 айдоочу жол эрежелерин бузушкандыгы аныкталган.
Алардын ичинен:
1. Коопсуздук курун тагынбастан унаа башкарган 1 миң 137 айдоочуга айып салынган;
2. 1 миң 332 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта башкарган;
3. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 76 унаа токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий