• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдүн Буденовка айылындагы орто мектепте капиталдык оңдоо иштери аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Чүйдүн Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнө караштуу Буденовка айылындагы орто мектепте капиталдык оңдоо иштери аяктоодо. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев аталган мектепте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен таанышты.

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Усуповдун айтымында, Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фонду тарабынан Буденовка айылындагы орто мектептин үчүнчү кабатын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору ишке ашып жатат.

"Иштин алкагында кабинеттерди демонтаждоо, шыбоо, электр тогун өткөрүү, эшиктерди орнотуу, ички дубалдарды эки катмар сырдоо иштери жүргүзүлдү. Кеңселердин экөөнө ламинат төшөлсө, калган кеңселердин жана коридорлордун полдору тегизделип, сырдалган. Учурда полдун биринчи катмары грунтталып, сырдалууда", - деп белгиледи ал.

Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 3 млн 765 миң 200 сомду түзүп, анын 3 млн 6 миң 900 сому Ысык-Ата өнүктүрүү фондунан, 758 миң 300 сому Кочкорбай айыл округунан бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий