Чүй облусунда эки завод курулат

Экономика 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Чүй облусунда эки завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Ошентип, Чүй облусунун Сокулук районундагы жалпы аянты 1,5 га жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “башка багыттагы жерлер” категориясына которулду. Эми ал жерге мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Ошондой эле Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Долбоор “Зилан Эверсун Текстиль” ЖЧКсы менен бирге ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий