• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Чүй облусунда энергообъекттерде оңдоп-түзөө иштеринин 70 пайызы аяктады

Аймак 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Күз-кыш мезгилин утурлай Чүй облусундагы энергообъекттерде оңдоп-түзөө иштеринин 70 пайызы аяктады.

Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, облус боюнча 23 көмөк чордон, 520 даана трансформатордук көмөк чордон, 505 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү.

Мындан тышкары, 96 көмөк чордон, 3 064 даана трансформатордук көмөк чордон, 3898 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.

Ал эми капиталдык курулуш иштеринин алкагында 3,5 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылып, 35 кВ “Орто-Алыш - 25 лет Кыргызстан” аба чубалгысынын 6,5 чакырымы алмаштырылды.

Белгиленгендей, бул иштер жашоочуларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

Маалыматтар боюнча, учурда Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча дээрлик 300 миң абонентти тейлейт, анын 280 миңдейи турак жай, 16 миңден ашыгы өндүрүш объекттери.

Ишканадан кошумчалашкандай, электр жабдууларын оңдоо маалында эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Ал тууралуу маалымат “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да таратылат.

Пикир

Оставить комментарий