• 87
  • 90.43
  • 0.88

Чүйдө көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун пайдубалына мезгил кутучасы салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун пайдубалына мезгил кутучасын салуу аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын кампалык кыймылсыз мүлк рыногу учурда өнүгүүнүн баштапкы баскычында экенин, дээрлик жогорку класстагы кампалар жетишпегенин айтып, бүгүн курулушу башталып жаткан “Global hub” бажы-логистикалык борбору – эл аралык жана аймактык сооданы колдоо менен Борбор Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү звено боло турган стратегиялык долбоор экенин билдирди.

“Бүгүн биз мамлекет үчүн маанилүү, замандын чакырыгына жооп берген стратегиялык долбоордун курулушуна старт бергени турабыз. 2030-жылга чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтүп, Бедел өткөрүү пункту толук кандуу иштей баштаса, анда бул рынок алда канча таасирдүү көлөмдөргө чейин жетет. Ошондуктан Кыргызстан азыртадан даярданышы керек. Дүйнөдө күнүнө миллиондогон тонна жүктөр иштелип чыгат, кабыл алынат жана ташылат. Импорт-экспорттун динамикасы тынымсыз өсүүдө. Ошондуктан өткөрүү жөндөмдүүлүгү күчтүү кампалардын, логистикалык борборлордун же хабдардын курулушу – кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү болот”, - деди Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борборунун жалпы аянты 136,000 чарчы метрден ашат, анын 120 миң чарчы метрин супер кампалар түзөт. Супер кампаларда — температуранын туура болушу, тамак-аш жана башка тез бузулуучу жүктөр үчүн атайын муздаткычтар, өлкөгө канчалаган дары-дармектер кирет, аларды сактоо үчүн складдар эл аралык стандарттарга жооп берет. Ошондой эле кургак кампалар, бондалык кампалар болот.

Маалым болгондой, инвестициянын жалпы көлөмү 21 млн доллар. Айлык акысы жогору болгон 100дөн ашык жумуш орундары түзүлөт. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети менен “Алканов Групп” ЖЧК ортосунда макулдашууга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий