• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Чүйдө айдоочулар мектептин жанынан ылдамдыкты 30 км/с ашырбоого тийиш

Коом 0


Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Чүй облусунда билим берүү мекемелеринин жанындагы ылдамдыкты көрсөткөн жол белгилери “40тан" "30га" өзгөртүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми облуста бардык мектепдердин аймагында айдоочулар унаанын ылдамдыгын саатына 30 чакырымдан ашырбай айдоого тийиш. Бул жол коопсуздугун жакшыртуу максатында жасалууда.

Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жана жол белгилерин жаныртуу, караңгы убакта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды жарык менен камсыз кылынууда.
Кароодо мектеп айланасында аныкталган кемчиликтерди жоюуу максатында тийешелүү мекемелерге билдирмелер берилди.

Пикир

Оставить комментарий