• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда “Тогуз-Булак” тоо лыжа базасы иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 2018-жылдын 6-январында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жайгашкан “Тогуз-Булак” тоо лыжа базасынын ачылышы болду.

Ачылыш аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, ЖК депутаты Аалы Карашев, Нурланбек Макеев, лыжа спортунун сүйүүчүлөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Базанын ачылышы бул туризмдин өнүгүүсүнө кошкон чоң салым жана кышкы спорттун түрүн жайылтуу менен бирге дени сак жашоого үндөө”,-деп билдирди Канат Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий