Ысык-Атада кой уурдоого шектелип бир нече жолу соттолгон эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Ысык-Атада кой уурдоого шектелип бир нече жолу соттолгон эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

29-апрелде Ысык-Ата райондук милициясына 32 жаштагы А.М. аттуу Ивановка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 26-апрелден 27-апрелге караган түнү айылдын четинде жайгашкан мал сарайынан белгисиз адамдар эки коюн уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты уурдоо беренесинин негизинде катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү катары бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы Д.К. жана К.И. аттуу жергиликтүү тургундар кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алып, Ысык-Ата районунун милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда башка дагы кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий