Чүй облусунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 2 айлык отчет беришти

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиевдин төрагалыгы астында отчеттук жыйын өтүп, анда облустагы эки айлык иштин жыйынтыгы каралды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкенждей, жыйынга Чүй облусунун райондорунун акимдери, шаар мэрлери жана айыл аймактарынын башчылары катышты.

Кеңешмеде административдик - аймактык реформанын жыйынтыктары, 2024-жылдын алгачкы эки айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле КР президентинин Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Канат Жумагазиев ошондой эле жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү боюнча баяндамаларды угуп, сугат суунун жетишсиздигин чечүү боюнча жергиликтүү жетекчилердин аракеттерин талдап, кароосуз калган жерлерге суу жеткирүүнү уюштуруу артыкчылыктуу милдеттердин бири болду.

Каралбай калган жер участокторунун абалын жана андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн аларды инвентаризациялоонун зарылдыгы да талкууланды. Мындай участокторду калыбына келтирүү жана чарбалык жүгүртүүгө кайтаруу максатында аларды эсепке алуунун жана контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү пландаштырылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле жайыт маселелерин активдүү чечүү зарылдыгын белгиледи. Мисалы, ал Суусамыр жайлоосуна малдарды алып келүүнү уюштурууну, мал жаюу акысын чогултууну баштоону тапшырды.

Жыйында жеке бала бакчаларды ачуу, мектептерди куруу жана оңдоо маселелери талкууланып, президенттин өкүлү ар бир айылда бакча же аллея болушу керектигин айтты. Мындан тышкары, ар бир айыл өкмөтүнө уникалдуу жана пайдалуу продукция чыгарган ишканаларды ачууга жардам берүү тапшырмасы берилди.

Калктуу конуштардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча талкуунун алкагында тратуарларды жана веложолдорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду, бул инфраструктураны жакшыртууга жана жөө адамдар менен велосипедчилердин коопсуз жүрүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын соңунда жаңы түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жашылдандыруу, таштанды чыгаруу жана башка аспектилер боюнча муниципалдык ишканалардын ишке киргизилиши кошумча кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий