• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Чүй облусундагы бир катар жолдорго асфальт төшөө иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/.Чүй облусундагы бир катар жолдорго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Булак- Бейшеке унаа жолунда 2 чакырым 700 метр жолго асфальт төшөлдү. Ошондой эле Бейшеке-Боролдой автожолунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү.

Мындан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулду. Жол белгилерден тышкары жөө адамдар өтүүчү жол сызыктар чийилип, жол жээктери тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий