• 87
  • 90.63
  • 0.79

Чүйдөгү мурдагы оорукананын мамлекетке кайтарылган имаратында облустук төрөт үйү түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Чүй облусундагы мурдагы оорукананын мамлекетке кайтарылган имаратында облустук төрөт үйү түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүн, 4-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Анда ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өткөндүктөн, аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр эми кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий