• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунун аймагында бир күндө 17 мас айдоочу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында "Бахус" профилактикалык мүнөздөгү рейддик иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында 17-апрелде мас абалында унаа башкарган 17 айдоочу кармалган. Мындан тышкары, каршы тилкеге чыгуу, ылдамдыкты ашыруу, маневр жасоо эрежелерин бузуу жана башка жол эрежелеринин бузулушу боюнча 244 протокол түзүлгөн.

ЖКККБ кызматкерлери тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, Бишкек — Кара Балта унаа жолунда жайгашкан базарлардын алдын иретке келтирүү максатында иш алыпбарылууда.

Учурда облустун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу иш-чарасы уланууда.

Пикир

Оставить комментарий