• 86.2
  • 92.12
  • 0.88

Чүй облусунун аймагында бир катар чакан ГЭСтер курулууда. Тизме

Экономика 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата, Москва жана Сокулук райондорунда бир катар чакан ГЭСтер курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан ГЭСтер өлкөдө энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режимине ылайык курулуп баштаган.

Ысык-Ата районунда:

  • Ысык-Ата-1 ГЭСи – кубаттуулугу 2 МВт, башталышы 2023-жыл, аякташы 2024-жыл, июнь айында ишке кирет;
  • Ысык-Ата-2 ГЭСи – кубаттуулугу 4 МВт, башталышы 2023-жыл, аякташы 2024-жыл, июнь айында ишке кирет;
  • Аманат энерго ГЭСи – кубаттуулугу 0,5 МВт, башталышы 2023-жыл, аякташы 2024-жыл, июнь айында ишке кирет;

Сокулук районунда Төш-Булак жана Асылбаш айылдарында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:

  • Сокулук ГЭС №1 – кубаттуулугу 3,5 МВт, башталышы – 2023-жыл, 50 пайызы аяктады, 2024-жылы ишке берилет, Тош-Булак айылы;
  • Сокулук ГЭС №2 – кубаттуулугу 2,4 МВт, башталышы – 2023-жыл, Раззаков аймагында;
  • Сокулук ГЭС №3 – кубаттуулугу 6 МВт, башталышы – 2023-жыл, Шавай аймагында;
  • Туюк – кубаттуулугу 4 МВт, башталышы – 2023-жыл, 50 пайызы аяктады, 2024-жылы ишке берилет;
  • Сокулук №3 – кубаттуулугу 9,5 МВт, башталышы – 2023-жыл, 50 пайызы аяктады, 2024-жылы ишке берилет.

Москва районунда Ак-Суу капчыгайында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:

  • ГЭС-1 – кубаттуулугу 3,65 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • ГЭС-2 – кубаттуулугу 7,17 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • ГЭС-3 – кубаттуулугу 11,31 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • Бултуке ГЭС – кубаттуулугу 1,75 МВт, башталышы – 2024-жыл;
  • ГЭС-4 – кубаттуулугу 10,09 МВт, башталышы – 2024-жыл.

Белгиленгендей, бул жалпы кубаттуулуугу – 65,87 МВт болгон чакан ГЭСтердин ишке кириши менен, энерго тармактагы таңсыктыкты бир аз да болсо азаят.


Кыргызстанда жыл сайын калктын саны өсүп, ага улай электр энергиясын керектөө да өсүүдө. Керектөөнүн өсүшү өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын тартыштыгына алып келди.

Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн былтыр президент Садыр Жапаров өлкөдөгү негизги багыттардын бири энергетика тармагына көңүл буруп, энергетика тармагына өзгөчө кырдаалдар режимин киргизген.

Өзгөчө кырдаал режиминин киришинин негизги себеби өлкөдөгү жаралган энергокризистен чыгуу, чакан ГЭСтерди куруу, ГЭС курам деп келген инвесторлорго шарт түзүү, жер бөлүп берүү, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди эртелетүү.

Пикир

Оставить комментарий