Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. 19-апрелден 25-апрелге чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында облустун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2 миң 953 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен:
- Мас абалында башкаруу – 5;
- Документтери жок унаа башкаруу – 16;
- Жогорку ылдамдык менен айдоо – 1 миң 123;
- Атайын айып унаа токтотуучу жайына 40 унаа токтотулган.
КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий