Чүй облусунун аймагында "СПИДге бирге каршыбыз" аттуу бир айлык өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 2023-жылдын 1‑ноябрынан 1‑декабрына чейин "СПИДге бирге каршыбыз" аттуу бир айлык өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бир айлык СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Бир айлыктын алкагында ВИЧтин алдын алуу, ВИЧке тестирлөө жана ВИЧ менен жашаган адамдарга карата стигманы жана дискриминацияны жок кылуу тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

ВИЧ – бул адамдын иммундук жетишсиздик вирусу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий