• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүй облусунун аймагындагы авто мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагындагы авто мектептерде “Адам өмүрү кымбат” аталышындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин тапшырмасынын негизинде Чүй облусунун аймагындагы жайгашкан авто мектептерде окуган курсанттарга Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте кошумча сабактарды өтүүдө.

Иш-чарада болочок айдоочуларды сабактарга активдүү катышып, жол эрежелерин мыкты өздөштүрүү зарылдыгы айтылды. Жолугушууда курсанттардын жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээлин жогорулатуу менен жол транспорт кырсыктарына алып келчү аракеттерден алыс болууга чакырышты.

Ар бир жол кыймылынын катышуучусу жол жүрүүдө кырсыктардан алыс болуусу үчүн жол кыймылынын эрежелерин билүүсү эң маанилүү экендиги ар бир жолугушуу учурунда курсанттарга жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий