• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй облусунун бардык райондорунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Чүй облусунун бардык райондорунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Алардын катарында Ысык-Ата райондук маданият бөлүмү тарабынан уюшулган иш-чара дагы мыкты деңгээлде өттү. Ага райондун акими Алмазбек Осмонов, орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаева жана маданият кызматкерлери катышты.

Көп жылдан бери эмгектенип, мыкты көрсөткүчкө жетишкен кызматкерлерге райондук администрациянын, райондук маданият бөлүмүнүн Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2-ноябрь– Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий