• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Чүй облусунун башчысы 100дөн ашуун жаранды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев дем алыш күндөрү 100дөн ашуун жаранды кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысына кайрылган Аламүдүн районундагы конуштардын биринин тургундары ичүүчү суу маселеси боюнча тынчсыздануусун билдиришип, чечип берүүнү суранышты. Ага утурлай эле турак жай маселелери, бала-бакча, мектепке байланышкан көйгөйлөр да айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүл тургундардын көйгөйлөрүн кунт коюп угуп, тиешелүү жетекчилерге аларды тез арада, ыкчам чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле талкууланган маселелердин көпчүлүгү жер маселелерине жана жер тилкелерин мыйзамдаштырууга тиешелүү болду. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, мамлекет башчысы жарандардын турак жайларын мыйзамдаштырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын жана бул саясаттын натыйжалары калкка чоң пайдасын тийгизерин баса белгиледи.

Акыркы мезгилде жер мунапысынын алкагында Чүй облусунда 18 миңден ашык жаранга жер тилкесине болгон жеке менчик укугу тууралуу чечимдер чыгарылып берилгени маалымдалды.

Көптөгөн жергиликтүү тургундар Канат Жумагазиевге Чүй облусунун тургундарынын өтүнүчтөрүнө ыкчам жооп кайтаргандыгы жана жарандардын көйгөйлөрүн ар тараптан чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий