Чүй районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Чүй районунун Искра айылында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук прокуратурасы тарабынан "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө Биримдик айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Фабричная көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты КР президентинин 1995-жылдагы "Социалдык инфраструктуралардын объектилерин пайдалануунун мындан аркы шарттарды камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын талаптарын бузуу менен 2006-жылдан баштап 4 жолу колдон колго өтүп сатылып, менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан сатуу-сатып алуу келишимдерин жокко чыгаруу максатында сот органдарына доо арыз келтирилип, кароонун жыйынтыгында толук канаттандырылган.

Аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында, айыл өкмөт башчынын наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, натыйжада наркы 11 млн 292 миң 300 сомду түзгөн бала бакчанын имараты тийиштүү жер тилкеси менен Биримдик айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Пикир

Оставить комментарий