• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чүй районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-июлдан 26-июлга чейин “Арсенал” ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктоо максатында өткөрүлгөн.

"Андан сырткары, мергенчилик ок атуучу куралдары, травматикалык куралдары, ошондой эле сыйлама курал-жарактары бар жарандардын курал-жарак сактаган жайлары жеринде текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий