Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-апрелинде Чүй районунун ИИБине 1994-жылы туулган К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын үйүнөн 9 миң сом акчасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган К.В. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий