• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй, Жалал-Абад жана Бишкектен 260 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Ден соолук 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 4-сентябрында медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, бүгүн Чүй жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын 260 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Алар "Алтын Жай" пансионатында ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.

"Аталган иш-чаралар президент С. Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында КР өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий