Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдик ишканасы 17-ноябрдын түнүндө Чүй проспектиси менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылганын маалымдайт.
"Ишкананын кызматкерлери ыкчам түрдө окуя болгон жерге барып, суу түтүгүнүн жарылган жерин аныкташкан. Алар түндөн бери бузулууну оңдоо менен алектенишүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, буга байланыштуу аталган жол тилкесинде транспорт кыймылы жарым-жартылай чектелген.
Пикир
Оставить комментарий