Чүй жана Бишкекте диний экстремисттик кыймылдын активдүү мүчөлөрү кармалды

Коом 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Чүйдө "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 15 активдүү мүчөсү кармалып, алардын башчысы камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүп жаткан иш-чаралардын алкагында, тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иштердин жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" ДЭКнун мүчөлөрү тарабынан экстремисттик уюм түзүү фактысы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") боюнча козголкон кылмыштын негизинде 2023-жылдын 9-июнунда диний-экстремисттик кыймылдын 12 активдүү мүчөлөрү жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлду.

Жыйынтыгында экстремисттик мүнөздөгү тыюу салынган материалдардын олуттуу көлөмү табылып алынды, ошондой эле 15 жаран ИИБ жеткирилип, алардын Г.Ю. аттуу башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам- тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий