• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чүй жана Ош облустарында пилоттук айыл чарба каттоосу жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрынан баштап Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо жана Чек-Абад айыл аймактарында, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красноречка жана Милянфан айылдарында пилоттук айыл чарба каттоосу өтүп жатат.

Улуттук статистикалы ккомитеттин маалыматына караганда, пилоттук каттоо 7-декабрга чейин мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

"Бул пилоттук этап каттоо ыкмаларын жана инструменттерин сыноо, ошондой эле үй чарбаларынан маалымат чогултуунун натыйжалуулугун баалоо максатын көздөйт. Пилоттук каттоо иштери каттоонун ыкмаларын жакшыртууга жана жалпы өлкө боюнча масштабдуу айыл чарба каттоосун өткөрүү алдында пайда болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды аныктоого жардам берет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий