• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй жана Жалал-Абадда турак үй өрттөнүп, эки жаран каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Чүй жана Жалал-Абад облустарында турак үй өрттөнүп, эки жаран каза тапканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Москва районунун Спартак айылында турак үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен үйдөн 59 жаштагы А.А., аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Ошондой эле Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Сай-Коргон айылында турак үй толугу менен күйүп, 34 жаштагы А.С., аттуу үй ээси түтүнгө ууланып каза болгон.

Өрттүн себептери такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында беш өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө жети бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий