• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Чүй: Жыл башынан бери жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө 252 миң сом айып салынды

Коом 0


Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын башынан тарта Чүй облусунда жол кыймылынын эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө 252 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жөө жүргүнчулөр катышкан жол кырсыктарынын катталып жатканына байланыштуу Чүй облустук ИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору айдоочулар менен гана эмес, жөө жүргүнчүлөр менен дагы иш алып барышууда.

Анализ көрсөткөндөй, көп учурда учурда айдоочу эмес жөө жүргүнчүлөр өздөру дагы күнөөлүү болуп калышат, айрымдар жолду туура эмес жердени кесип өтүп, бетон тосмодон ашып өткөндөр дагы бар.

Учурда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан жол коопсуздугун камсыздоо максатында “Жөө жүргүнчү” деген аталышта рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жыйынтыгында 1-январдан бүгүнкү күнгө чейин КР Бузуулар кодексинин 190-беренесинин негизинде айыппул (1000 сом) боюнча жалпысынан 252 тартип бузуу протоколдору түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий