Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Чүй районундагы Искра айылында 12 мектеп окуучусу таттуудан ууланды.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12 жаштан 16 жашка чейинки 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылган. Алардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда балдардын абалы туруктуу.
Бул факты катталып, иликтөө иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 27-ноябрда саат 11:00дөр чамасында 7-класстын окуучусу А.А. Искра айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдан «BEN 10» фирмасынын таттууларын жана суусундук таап, аларды мектепке алып барып, классташтарына да берген. Мындан улам окуучулар ууланган.
Таттуулар жана суусундуктар алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Текшерүү иштери улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча чечим чыгарылат.
Иштин жүрүшүн Чүй облустук милициясынын жетекчилиги көзөмөлгө алган.
Пикир
Оставить комментарий