• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдө 18 жаштагы кыз эркек кишини бычак менен жарадар кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда 18 жаштагы кыз эркек кишини бычак менен жарадар кылган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 11-апрелде Жайыл райондук милициясына ооруканадан телефон чалуу түшүп, 40 жаштагы Б.В., аттуу жаран бычактан жараат алып түшкөндүгү айтылган.

Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында шектүү катары 18 жаштагы Т.Н., аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий