• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүйдөгү жол кырсыгынан беш адам каза болуп, бирөө жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт трассасынын 44-чакырымында 25-октябрда болжол менен саат 16:40та жол кырсыгы катталган.

«Кабар» агенттигине Чүй облустук Жол кайгуул кызматынан кабарлашкандай, «Тойота Камри» унаасынын 42 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги парапетти сүзүп алган.

Кырсыктан жеринде айдоочу, бир аял жана болжол менен алты жаштагы бала каза болгон. Андан тышкары, эки эркек киши жана 11 жаштагы бала ооруканадан көз жумган. Ал эми жабыркаган бир киши Кант шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Айрым маалыматтарга ылайык, айдоочу жүргүнчүлөрдү Токмок шаарына жеткирүү максатында бекеттен алган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий