• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыруун жерден: граната Ф-1–1даана; эски үлгүдөгү болжолдуу "Браунинг 1900" маркасындагы тапанча; МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча; төмөнкү калибрдеги патрондор: 7,62 мм – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9.18 – 17 даана; ошондой эле 1 даана Калашников жеңил автоматынын магазини табылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн КР ЮМга караштуу Соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлдү.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун, диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды издөөнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий