Чүйдө мечиттен ок чыгарган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Чүй районунда 63 жаштагы жаран бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 50 жаштагы М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында Чүй районундагы мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип, колундагы куралын арыз ээсине такап аны коркутуп, мечиттин дубалын каратып, эки ирээт ок чыгарып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Чүй районунун ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 63 жаштагы А.А. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган. Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий